Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.04.2019 11:22 На русском

Караколдо коомдук фонддун кеңсесин өрттөп кетиштиби?

"Спектр" коомдук фонду
"Спектр" коомдук фонду

Turmush -  Кечээ, 6-апрель күнү Каракол шаарындагы «Спектр» коомдук фондунун кеңсесинде өрт чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясынан билдиришти.

Өрт өчүргүчтөрдүн алдын ала маалыматына караганда, кеңсени атайын өрттөп кетишкен. Кырсыктан жабыркагандар жок.

«Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясы бул окуя боюнча тынчсызданууда жана окуяны Кыйноолорго каршы коалициясынын мүчөсү болгон "Спектр" коомдук фондунун кесиптик ишмердүүлүгү менен, ошондой эле жарандык позициясы менен байланыштырат. Коалиция Ысык-Көл облусунун бийлик өкүлдөрүн бул кылмышты тыкыр иликтөөгө чакырат», - деп айтылат аталган коалициянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ал эми Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, «Спектр» коомдук фондунун кеңсесинде чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тиешелүү бардык ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Өрттүн чыгышын аныктоо үчүн кеңседе тиешелүү экспертизалар дайындалган. Андыктан алардын жыйынтыктары чыкмайынча активисттердин «өрттөлдү» деген ар кандай дооматтары эрте айтылып жатат.

Учурда Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тиешелүү бардык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган иш Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

Буга чейин Turmush басылмасы Каракол шаарында мурунку пионерлер үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу жазган.

Маалым болгондой, 6-апрелге караган түнү саат 03:47 чамасында ӨКМдин Караколдогу өрткө каршы кызматынын нөөмөт бөлүмүнө А.Пушкин атындагы сейил бактын жанында өрт чыккандыгы маалымдалган.

Өрт кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, саат 07:00 чамасында өрттү толугу менен өчүрүшкөн. Жыйынтыгында үйдүн 72 чарчы метри күйүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×