Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.04.2019 10:18 На русском

Ысык-көлдүк үй-бүлө жол кырсыкка кабылып, 10 жаштагы кыз каза болду. Төрт адам жандандыруу бөлүмүндө (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 10 жаштагы кыз каза болду. Дагы 5 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 5-апрель күнү кечки саат 18:32 чамасында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө Бөкөнбаев —Каракол унаа жолунун 210-чакырымында, тактап айтканда Балтабай айылынын аймагында жол кырсыгына кабылган үй-бүлө кайрылган. Жол кырсыгына кабылган айдоочу өзүнүн «Тойота Кровн» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, уктап кеткен. Ал үй-бүлөсү менен Нарын облусунан үйүнө бара жаткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алгандар:

- Каракол шаарынын 1960-жылы туулган тургуну М.Ж. башынан жана көкүрөгүнөн жаракат алган. Ошондой эле ийини сынган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

- Каракол шаарынын 1983-жылы туулган тургуну А.Н.А. башынан оор жаракат алган жана ийини сынган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

- Каракол шаарынын 1951-жылы туулган тургуну — айдоочу К.А. башынан жана бутунан жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

- Каракол шаарынын 2006-жылы туулган тургуну А.А.Э. башынан оор жаракат алган. Жандандыруу бөлмүнө жаткырылган.

- Каракол шаарынын 2016-жылы туулган тургуну К.Я. травматалогия бөлүмүнө жаткырылган.

- Каракол шаарынын 2009-жылы туулган тургуну А.С.Э. — 3-класстын окуучусу оорукана жетпей көз жумду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×