Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.04.2019 12:21

Ак-Талаада СССРдин жигиттери менен Акмөөрдүн сиңдилери сармерденде беттешти. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында «СССР убагындагы жигиттер» тобу менен «Акмөөрдүн сиңдилери» тобунун ортосунда «Кыз-жигит» сармерден оюну өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, кечээ, 4-апрелде райондук маданият үйү тарабынан уюштурулган сармерден оюну жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Оюндун жүрүшүндө кыргыз элинин нукура салттуу өнөрлөрү көрсөтүлсө, улуттук аспаптардын коштоосунда элдик ырлар жана ак-талаалык обончу, композитор инсандардын ырлары сахнада жаңырды. Андан сырткары, табышмак жашыруу, макал-лакап, жаңылмач айтышуу орун алып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×