Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуЖумгал району 04.04.2019 11:31

Жумгалдын Байзак айылындагы 2,5 гектар аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылындагы Жумгал суусунун жээгинде 2,5 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылында сарайдан өрт чыгып, 70 түк чөп күйүп кетти. Кырсыктын чыгышына балдардын от менен ойногону себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×