Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Нарын облусуЖумгал району 04.04.2019 09:45 На русском

Элет көйгөйү: Жумгалдагы тургун жергиликтүү бийликтен кароосуз калган РТСти сактап калууну суранууда

Turmush -  Жумгал районунун борбору Чаек айылында кароосуз калган РТС (ремонтно-техническая станция) учурда кейиштүү абалда турат.

Айыл өкмөтүнүн маңдайынан орун алган бул жайды жергиликтүүлөр РТС деп атап коюшкан. Союз мезгилинде эң алдыңкы техника оңдоочу станциясы катары айланасы курчалып, каралып турган. Кийин айлана-тегерегиндеги тосмолордон бери чыгарылып тонолуп баштаган. РТСтин ичинен орун алган эски чоң имаратта долбоордук каржылоо болуп, оңдоо иштери жүргөн. Ортодо спорт залы катары оңдоодон өтүп, бирок аягына чыкпай, кайрадан терезе-каалгасы талкаланып, тонолуп кеткен. Ал эми сыртындагы короо-сарайлар да тонолуп, учурда бетондору гана калды.

Жергиликтүү жашоочу Марат Рыскелдиев бул жайды өкмөт көзөмөлгө албаса күндө тонолуп жатканын билдирди.

«Бул чынында чоң жер. Анын ичинде чоң имарат бар. Аны мейманкана, ресторан курабыз деп чыгышкан жана спорт зал болот деп бир сыйра оңдошкон. Бирок ал деле талкаланып, тонолду. Айыл өкмөтү ушул РТСти сактап калса болмок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×