Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 03.04.2019 09:01

Сокулуктук дзюдочу Чыңгызхан Сагыналиев Россиядан күмүш медаль алып келди (сүрөт)

Чыңгызхан Сагыналиев
Чыңгызхан Сагыналиев

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Европа кубогунда 2-орунду ээледи. Бул тууралуу анын туугандары аймактык кабарчыга билдиришти.

Аталган мелдеш 30-31-март күндөрү Россиянын Тула шаарында өттү.

«Мелдешке 20 мамлекеттен 325 спортчу келген. Чыңгызхан 60 килограмм салмак категориясында күч сынашып, алгач армениялык спортчу Геворга Манукянаны, андан соң россиялык спортчулар: Егор Яровогону, Эдуард Шунгаровду жана Роман Айвазянды жеңген. Бирок финалдык беттеште дагы бир Россиянын спортчусу Андарбек Арсунукаевден жеңилип калды», - дешти Чыңгызхандын туугандары.

Мелдеште Кыргызстандын командасы жалпы тайпалык эсепте 7-орунду камсыздашты. Европа кубогуна барган кыргызстандык спортчулардын арасынан Ч.Сагыналиев гана байгелүү орунга илине алды.

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Чыңгызхан менен маектешкен. Маекти толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×