Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.04.2019 16:36 На русском

Жаш жигитти зордуктоого шектелген адам Бишкектен келери менен айылдаштары өз алдынча жазалашты (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жаш жигитти зордуктоого шектүү делген адамдын бир туугандары алардын дарегине коркутуулар түшүп жаткандыгын билдиришип, Turmush басылмасына кайрылышты.

22 жаштагы Мараттын эжеси Айнуранын айтымында, 6-февралда иниси Бишкек шаарына кеткен. Кайра өз айылына 19-февралда апасынын туулган күнүндө келген.

«Ал шаарда жүргөндө ага телефон чалып, анын бул кылмышка тиешеси бар экендиги тууралуу айтышкан. Бирок ошол окуя болгон учунда ал Бишкекте болгонун далилдей турган факттар бар. Анткени ал өзүнүн сүйлөшкөн кызын жолугушууга чакырган. Ушактар тарап баштаганда биз ага телефон чалып, айылга келишин өтүндүк. Өз кезегинде Марат келерин жана айтылып жаткан сөздөр чын эмес экенин билдирген», - деди Айнура.

Анын айтымында, кийинчерээк иниси айылга келген.

«Агам жана Марат болуп чай ичип отурганда биз ал тууралуу айтылып жаткан ушактарды айтып бердик. Ал териштирүү үчүн ошол үй-бүлөгө кеткен. Алар биздин жаныбызда эле жашашат. Ал киши [баласынын зордукталганы боюнча арыз жазган адам] алыс барууну сунуштаган. Андан кийин алар инимди күрөктүн сабы менен сабап салышыптыр. Биз аркасынан барсак, алар инимди күнөөсүн мойнуна албаганы үчүн сабашкан экен. Ал жактагы адамдардан түшүндүрүүнү сурасак, алар мен эч нерсе чечпей турганымды билдиришти. Мен болсо инимдин бул окуяга тиешеси жок экенин далилдөө үчүн милицияны чакырууну сунуштадым», - деди Айнура.

Айнура ошондой эле айылдаштары окуяны териштирбей туруп, алардын үй-бүлөсүнөн айылдан көчүп кетүүнү талап кылып жатышканын билдирди.

Ал белгилегендей, анын жана инисинин дагы бул ишке эч кандай тиешеси жок. Ошондой эле ал алгач Мараттын күнөөсүн далилдөө керек деп эсептейт.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери 25 жаштагы жигиттин зордукталышы боюнча фактыны иликтеп жатышканы маалымдалган.

Алдын ала маалыматка караганда, февралдын орто ченинде милицияга Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги айылдардын биринин 52 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өзүнүн 25 жаштагы баласы Айбекти (аты өзгөртүлдү) белгисиз адам күч колдонуп суу жээгинен зордуктаганын билдирген. Иликтөөнүн алкагында бир катар экспертизалар (соттук-психиатриялык дагы) дайындалган. Бул кылмышка шектелип, жабырлануучунун 22 жаштагы кошунасы Марат (аты өзгөртүлдү) кармалды. Бирок Марат аны зордуктабагандыгын, Айбек психикалык жактан ооругандыктан бардыгын оюнан чыгаргандыгын билдирген.

Март айынын башында Марат бул кылмышка шектелип кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалган. Бул аракеттер Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен каралат.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган факт болгонун тастыктап, 19-февралда атасы арыз менен кайрылгандыгын жана ал өз арызында 10-февралда уулун бир жигит зордуктаганын билдиргенин маалымдады.

«Соттук-медициналык экспертиза жыныстык катнаш болгонун көрсөттү. Соттук-психиатриялык экспертиза жабырлануучу өзүнүн көрсөтмөсүндө бул чындыкка дал келерин айткан. Соттук-биологиялык экспертиза азырынча даяр боло элек», - деп билдиришти ОИИБден.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү адам Каракол ШИИБдин СИЗОсуна киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×