Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 02.04.2019 10:23 Жаңыланды: 02.04.2019 11:06

Сүрөт: Кочкордун Кара-Суу айылындагы сарайдан өрт чыгып, 5 баш жандык мал тирүүлөй күйүп кетти

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы сарайдан өрт чыгып, 5 баш жандык мал күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан улам жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 72 чарчы метр чатыры жана 5 баш жандык мал (кой, эчки) күйгөн. Өрткө мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×