Бөлүмдөр
Жума, 24-май
01.04.2019 14:28 Жаңыланды: 01.04.2019 15:40 На русском

Өкмөт башчы М.Абылгазиев Баткен облусунун жаңы жетекчиси А.Мадумаровду чиновниктерге тааныштырды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 1-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы жетекчини тааныштырууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү келген. Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, өкүлчүлүктүн жамааты, облус аймагындагы аким, мэрлер катышты.

А.Мадумаровдун өмүр баяны:

Мадумаров Акрам Камбаралиевич 1977-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын ветеринардык медицина жана биотехнология факультетин жана 2013-жылы Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын эл аралык байланыштар бөлүмүн бүтүргөн. 2002-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде аспирантураны аяктап, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган, биология илимдеринин кандидаты.

- Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз агрардык университетинде ассистент кызматында баштап, улук окутуучу болгон;

- 2006-жылдын апрель айынан тарта Президенттин иш башкармалыгынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти болуп 2008-жылдын август айына чейин эмгектенген;

- 2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Түштүк резиденциясынын директорунун орун басары болуп иштеген;

- Президенттин Иш башкармалыгынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп 2013-жылдын январь айына чейин эмгектенген;

- 2013-жылдын январь айынан апрель айына чейин Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин милдетин аткаруучу;

- апрель айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы акими болуп иштеген;

- 2017-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейин Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

- сентябрь айынан ушул күнгө чейин Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп эмгектенип келе жатат.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×