Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баткен облусу, Баткен 01.04.2019 11:36 На русском

А.Мадумаров Баткен облусунун жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мадумаров Акрам Камбаралиевич дайындалды.

Акрам Мадумаров мурда Кадамжай районунун акими болуп иштеген. 2017-жылдын сентябрынан тарта Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп келе жаткан.

Бүгүн, 1-апрелде Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев кызматынан бошотулгандыгы белгилүү болду.

Акрам Мадумаровдун өмүр баяны:

Акрам Мадумаров 1977-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында туулган. Улуту кыргыз, жогорку билимдүү.

Билими:

1999-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын ветеринардык медицина жана биотехнология факультетин аяктаган. 2013-жылы Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияcынын эл аралык байланыштар бөлүмүн бүтүргөн. 2002-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин аспирантура бөлүмүн аяктап, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган, биология илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз агрардык университенинде ассистент кызматында баштап, улук окутуучу болгон. 2006-жылдын апрель айынан 2008-жылдын август айына чейин президенттин иш башкармалыгынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн рефенти болуп эмгектенген. 2008-2009-жылдары Ош шаарындагы президентинин түштүк резиденциясынын директорунун орун басары болуп иштеген. Андан соң 2013-жылдын январь айына чейин пезидентинин иш башкармалыгынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2013-жылдын январь айынан апрель айына чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу, апрель айынан июнь айына чейин Кадамжайдын акими болуп иштеген. 2017-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейин президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарыболгон. Ошол жылдын сентябрь айынан тарта Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп эмгектенип келе жаткан.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×