Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 01.04.2019 10:36

Ат-Башыда футбол боюнча Ача-Кайыңды айылынын кубогу өттү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында футбол боюнча уюштурулган «Айыл ынтымак» кубогуна 29 муун ат салышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга оюнду уюштуруучулардын бири Сталбек Ильязов билдирди.

«Бизде “Айыл ынтымагы” деген өтмө кубок бар. Ошонун негизинде футбол оюнун 1985-жылы туулган балдар өткөрүп жатабыз. Ага 1969-жылдан 2000-жылга чейинки туулган тургундар катышууда. Жалпы 29 команда бар. Мындай оюн айылдын ынтымагы үчүн бир жылда 2 жолу өтөт», - деди ал.

Оюндун жыйынтыгында улуу муундар арасында:

- 1-орунду 1978-жылкылар;
- 2-орунду 1981-жылкылар;
- 3-орунду 1968-жылкылар алды.

Кичүү муундар арасында:

- 1-орунду 1985-жылкылар;
- 2-орунду 1994-жылкылар;
- 3-орунду 1992-жылкылар ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×