Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуКемин району 01.04.2019 09:57 На русском

Чыныгы атын айткандан уялып, өзүн Салтанат деген мугалим жана фамилиясы менен сыймыктанган Бакиев

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Кемин районунун 33 жаштагы тургуну Санта Мажитова студент кезинде өз атын айткандан уялып, Салтанат деп койчу. Анын ысымына окуткан окуучулары дагы кызыгып сурай беришет.

«Студент кезде атымдан уялып, Салтанат деп койчумун. Учурда окуучуларым дагы "эмне үчүн атыңыз Санта?" деп көп сурашат. Мен да кезинде апама ушул суроону көп берер элем. "Санта дебей эле, башка ат койсоңор болмок" деп айтып жүрдүм. Апам "Насирдин Байтемировдун "Санта" деген чыгармасы бар жана Санта деген ыйык дегенди билдирет деп, ошонун негизинде койгонбуз" дейт.

Бир жолу 7-класска сабак берип калдым. Улуу географиялык ачылыштар деген темада Санта Мария кемесинин Атлантика океанына барганы жөнүндө окуучуларга айтып берип жатсам, балдар бири-бирин карап күлүп жатышат. Андан башка дагы Санта деген ысымдар, аталыштар көп эле кездешет. Мисалы, Санта деген генералдар, жерлер бар. Бирок мен окуучуларга тартынбастан эле айта берем», - деди ал.

Санта Мажитова 1986-жылы 13-январда Кемин районуна караштуу Жол-Булак айылында төрөлгөн.

«Атам мал доктуру болсо, апам тарых мугалими. Өзүм беш бир тууганмын. Жол-Булак айылындагы мектепке 1992-жылы кирип, аны 2003-жылы аяктагам. Аталган жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине барып, аны 2009-жылы бүтүрүп чыктым», - деди ал.

Каарманыбыз ар кыл сынактарга катышып, талыкпай эмгектенүүнүн арты менен бир топ сыйлыктарга ээ болуп келет.

«Айылдык кеңештин, айыл өкмөттүн ардак баракчалары менен, "Жыл мугалими" сынагына катышкандыгым үчүн райондун грамотасы жана мыкты жазылган доклад үчүн Кыргыз илимдер академиясынын грамотасын алгам.

Эмгек жолумду Жаңы-Алыш айылындагы Т.Абдымомунов атындагы мектептен баштадым. Эмгек жамаат менен тез эле тил табышып кеттим десем болот. Улуу мугалимдердин акыл-насааттарын угуп, бири-бирибизге сый мамиле кылабыз. Алар менин экинчи үй-бүлөм десем жаңылышпайм», - деди ардактуу мугалим.

Ал үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын апасы.

Базар-Коргон районунун 36 жаштагы тургуну Бакытбек Бакиев кезинде «Бакиевдин тууганы болосуңбу?» деген суроону көп укчу.

«Учурда Санкт-Петербургда эмгектенем. Ооба, көпчүлүк менин фамилиямды угуп, бир саамга карап, «Бакиевдин тууганы болбойсуңбу?» деп сурагандар кездешчү. Мен ага таң калбай деле калгам. Дароо эле «жок» деп күлүп жооп берем. Эми фамилия окшош болсо эле тууган болуп калбайм да. Мен өз фамилиям менен сыймыктанам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×