Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баткен облусу, Кадамжай 01.04.2019 09:46 На русском

Кадамжайда эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Turmush -  30-март күнү Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин мушкерлери арасында эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Нурлан Тиленчиев билдирди.

Ага жалпысынан 38 спортчу катышып, 14 беттеш профессионалдар арасында, 5 беттеш спорт сүйүүчүлөр арасында болду. Уюштуруучулар тарабынан байгеге 2 кур, 12 кубок коюлган. Мушкерлер жалпысынан 12 салмак категориясында, тактап айтканда 34 килограммдан 80 килограмм салмакка чейинки категорияда беттештерди өткөрүштү. Кыргызстандык 13 мушкер өз атаандаштарын жеңди.

Турнирдин жыйынтыгында 1 курду мырзалар арасында 61 кг салмакта Рамазан Маматазим уулу алса, 2-курду кыздар арасында 58 кг салмактагы Бегайым Акбалаева алды.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Арзыбай уулу Акылбек — 66 кг (Кыргызстан);

- Нуржанов Рустам — 66 кг (Кыргызстан);

- Дыканов Метан— 57 кг (Кыргызстан);

- Арапов Руслан — 70 кг (Кыргызстан);

- Бегматов Нурислам — 66 кг (Кыргызстан);

- Нурматов Халмурат — 61 кг (Өзбекстан);

- Камилов Медербек — 66 кг (Кыргызстан);

- Тойгонбаев Кылычбек — 61 кг (Кыргызстан);

- Сулайманов Тимурлан — 71 кг (Кыргызстан);

- Нажимидинов Жахонгир — 61 кг (Өзбекстан)

- Мамажанов Моминжан — 77 кг (Өзбекстан);

- Мамытбек уулу Мирбек — 57 кг (Кыргызстан);

- Маматазим уулу Рамазан — 61 кг (Кыргызстан).

Спорт сүйүүчүлөр арасында жеңүүчү аталгандар:

- Ташмурзаев Разак — 34 кг (Кыргызстан);

- Ганыев Кутманбек — 40 кг (Кыргызстан);

- Анисаи Саидумар — 55 кг (Тажикстан);

- Сабирова Хейлола — 56 кг (Өзбекстан);

- Өмүрзак уулу Артур — 71 кг (Кыргызстан);

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×