Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусу, Нарын 30.03.2019 09:42

Нарын ОИИБдин басма сөз катчысы болуп 29 жаштагы Кундуз Эсенгулова дайындалды

Turmush -  22-мартта Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы болуп милициянын капитаны Кундуз Эсенгулова дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кундуз Эсенгулова 1990-жылы 20-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. Ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүргөн.

Ал үй-бүлөлүү, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×