Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 29.03.2019 09:46

Ат-Башыдагы электриктер футбол боюнча райондун ачык биринчилигинде кубокту жеңип алышты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда өткөн футбол мелдешинде райондук электр тармактар ишканасы алдыңкы орунду камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башынын борбордук стадионунда райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган кичи футбол боюнча райондун ачык биринчилиги өткөрүлгөн. Бул мелдешке жалпысынан ондон ашык командалар катышкан. Бардык атаандаштарын артка калтырган райондук электр тармактар (РЭТ) ишканасынын оюнчулары биринчи орунду ээлеп, баш байгеге коюлган кубокту, диплом жана 4 миң сом акчалай сыйлыкты алышты. Экинчи орунга чыккан «Ат-Башы-Сүт» ишканасынын командасы диплом жана 3 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Үчүнчү орунду «1975» командасы камсыздап, диплом жана 2 миң сом акчалай сыйлыкты алышты. Төртүнчү орунду алган «1991» командасына диплом, 1 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Ошондой эле жеңүүчү командаларга медалдар тапшырылды.

Мелдешке демөөрчүлөр колдоо көрсөтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×