Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 28.03.2019 14:14 На русском

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу аймактарды өнүктүрүү үчүн 5 механизм сунуштады (сүрөт)

Turmush -  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жана алардын ишмердүүлүгүнүн сапатын арттыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу 5 механизмди сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта аталган союздун башчысы Өмүрбек Алманбетов жана союздун эксперти Айнура Чандыбаева АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Алар жергиликтүү бюджеттердин өзгөрүүсүнө жана бюджеттин абалынын жакшырганына саресеп салышат. Союздун башчысы Өмүрбек Алманбетов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын айтат.

«Президент быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялады. Ушул жаатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетишерлик деңгээлде көңүл бурулуп жатабы? Кыргызстанда 31 шаар, 453 айыл өкмөт бар. Конституция боюнча алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарына кирет. Биздин союз ошол 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын юридикалык бирикмеси болуп болуп саналат. Мурун эки бирикме бар болчу. Алар 2010-жылы бириккен.

Союздун негизги максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыгын мамлекеттик деңгээлде коргоо жана алардын көйгөйлөрүн тиешелүү органдарга жеткирүү болуп саналат. Биздин союз коомдук уюм болуп саналат. Ар бир аймакта делегаттарды шайлайбыз. Жетекчиликти жалпы жыйындын катышуучулары шайлайт. Жетекчилик ар бир облуста бирден өкүлдөрдү дайындайт. Биз мамлекеттен акча албайбыз. Эл аралык уюмдарга долбоорлорду жазып, аларды ишке ашырабыз. Конституцияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн бюджетинин эсебинен иштеш керек деп белгиленген. Бирок бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, же болбосо айыл өкмөттөрдүн бюджети республикалык бюджеттин 13 пайызын гана түзөт. Бул көрсөткүч 2014-жылдан бери эч өзгөрбөй келет», - деди Ө.Алманбетов.

Ал эми союздун эксперти Айнура Чандыбаева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата чыгарылган айрым мыйзамдар карама-каршылыкты жаратып жатканын, ошондуктан 5 механизмди сунуштап жатышканын билдирди.

«Механизмдер боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринде талкууларды өткөрүп жатабыз. Биздин биринчи сунушубуз — мыйзам долбоорлорунун аймактарды өнүктүрүүгө болгон таасирин талдоо.

Экинчиси — республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттердин байланышын жөнгө салуу. Ал үчүн Жогорку Кеңеште бюджет маселесин караган комитетте талкуу жүргүзөбүз. Мындайча айтканда союз менен Каржы министрлигинин ортосунда протоколдук келишим болушу керек.

Ал эми үчүнчү сунушубуз — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын бирикмелерин өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин жылдык отчетуна милдеттүү түрдө катыштыруу.

Төртүнчүсү — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери менен кандайдыр бир механизмдер аркылуу макулдашуусу.

Бешинчиси — жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө жана парламенттик демократиянын жергиликтүү деңгээлде өнүгүүсүнө мыйзамдардын тийгизген таасири жөнүндө баяндама даярдап, Жогорку Кеңешке киргизүү болуп саналат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×