Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуСокулук району 28.03.2019 10:37 На русском

Жаӊы-Пахтанын жаш балбандары эркин күрөш боюнча чемпионатта алдыңкы орундарга ээ болду

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Жер айылында эркин күрөш боюнча чемпионат болуп өттү. Анда Жаӊы-Пахта айыл аймагынан барган жаш балбандар алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу спорт клубдагы машыктыруучу Бобиржан Жиенбаев билдирди.

«Аталган чемпионатта 1-орунду Иброгим Искондеров, Давледбек Исоев, Кадыр Касымбеков, Айдын Хуршанов, Никита Фадеевдер алса, 2-орунду Умалат Касымбеков, Муса Умаралиев, Умар Абдуроимов аттуу балбандар жеӊишти. Ошондой эле 3-орунду Сулейман Максатбеков, Эрлан Казбековдор ээледи», - деди ал.

Аталган мелдеш мектеп курагындагы спортчулар арасында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×