Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 27.03.2019 17:25 Жаңыланды: 14.05.2019 14:38

Айыл турмушу: Кара-бууралык М.Исманалиев 10 жылдан бери эски эмеректерди оңдоп, айылдыктарга кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 47 жаштагы тургуну Максат Исманалиев 10 жылдан бери айыл элинин эмеректерин жаңылап жасап эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кардар эски эмеректи жаңылап берүүнү суранса жаңылап, жаңы жасап беришин суранса жаңы эмерек даярдап берет.

«Ар бир үйдө эски эмеректер бар. Ошолорго көрк берип, жаңылап жасап койгонго болот. Кожоюндары алардан ажырагысы келишпейт. Ошентип 10 жылдан бери эмерек оңдоп, аларга көрк берип, жаңылап жасап жатам. Башынан эле жыгач устачылык менен алектенчүмүн. Бала кезден бери эле жыгачтардан ар кандай буюмдарды жасап жүрүп, аягы ушул ишке такалды. Кооздоо иштерин да жасайм. Байкап көрсөм ушул жумуш айыл элине кереги тийген иш экен. Коңшу айылдардан да көп эле кардарлар келишет. Алар сүрөттөп айтышат, мен ошого жараша материалдарын Таластан сатып алып келем. Сыналгы койгуч, комоддон баштап, чоң буюмдарга чейин жасатышат. Быйыл төө буурчактын баасы төмөн болгонгобу буйрутмалар да азыраак болду (күлүп).

Эгер кардар кааласа диван толугу менен өзгөрөт. Эгер каалабаса мурункусун гана жаңылап коём. Диванды оңдой турган болсом анын тышкы кездемесинен бери алмаштырып, ичин дагы толугу менен жасап чыгам. Мында матанын өзгөчөлүгүн дагы билүү керек. Ал жыгач менен түспөлдөшүп, дал келиши зарыл. Классикалык жана заманбап болуп жасалат. Эмеректин чоңдугуна жана эскилигине жараша убакыт кетет. Өңүн өзгөрткөндө эски боёгун атайын каражат менен ажыратып алып, жаңы өңдөгү боёк менен боёп чыгам.

Негизи суроо-талап күч. Эл ишенимин актаганга аракет кылам. Өзүмдүн үйүмө да буюмдарды жасап коём. Бирок кызыккандар чыгып, сатылып кетет (күлүп). Кызмат акым базарда сатылган баадан ылдый болот. Мисалы комод 5000 сомдон сатылса, мен 1500 сомго оңдоп, жасап берем. Улуу балам сүрөтчү, азыр Бишкекте. Менин жолумду жолдоп, ал дагы сүрөттөн тышкары устачылык кылат», - деди ал.

Уста 4 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×