Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 26.03.2019 16:20

Айыл турмушу: Тоңдук үй-бүлө жасаган боз үйлөрдү чет элдиктер жогору баалашат (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Коо айылынын 62 жаштагы тургуну Айнура Үркүнбаева үй-бүлөсү менен боз үй жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы элеттик кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алар боз үйдү 15 жылдан бери жасашат.

«Боз үйдү келин-уулум болуп жасайбыз. Уулум кереге, уук, түндүгүн жасаса, келиним экөөбүз кийиздерин, ички жана сырткы жасалгаларын жасайбыз. Бир боз үйдү орточо эсеп менен бир айда жасап бүтөбүз.

Ал эми киреше буйрутмага жараша болот. Биз үй-бүлөбүз менен бир жылда 3 боз үйдү даярдап коебуз. Убагы келип, кардар чыкса сатабыз. Дайыма диаметрине жараша баалайбыз. Боз үйлөрдүн эң арзаны 200 миң сом, ал 75 баштуу. Боз үйлөрдү көбүнчө чет өлкөлөргө сатабыз. Мисалы, буга чейин Чеченстанга, Россия, Казакстан, Түркия, Сауд Арабия жана Бельгияга сатканбыз. Чет өлкөдө биздин боз үйдү колго жасалганы үчүн абдан баалашат. Мындан сырткары боз үйлөрдү майрамдарда ижарага беребиз.

Учурда мен боз үй жасоо өнөрүн неберелериме дагы үйрөтүүгө аракет кылып жатам» - деди ал.

Айнура Үркүнбаева 4 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×