Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 26.03.2019 12:51 На русском

«Бир тиш пломбасы 10 000 сом»: Германияда иштеген К.Асекованын жүрөгүн түшүргөн Париждеги окуя

Turmush -  Касиет Асекова 1993-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ал Германиянын Крефельд шаарында жашап, балдардын тиш дарылоо клиникасында эмгектенип келет. Аны менен аймакты кабарчы таанышты.

Германияга сапар

- 10-класста окуп жүргөндө менин бир тууган эжем Германияга кеткен. Эжемдин арты менен мен дагы чет өлкөгө чыгып, окусам деген максат пайда болду. Орто мектепти аяктаган соң Бишкекке барып, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине өтүп калдым. Бирок эмнегедир эжемдин артынан Германияга окууга кетүү максатым көкүрөгүмдө жалындай берди. Ошентип 1-курста эжемдин артынан кетүүнү чечтим. Немис тил курсуна катышып, окуп баштадым. Убакыт өтө берди. Кийин Германияга алып кетүүчү программаларга катышып, сынак тапшырдым. Кудайым тилегиме жеткирди окшойт. Ал жактан өтүп кетип, Германиядагы бир үй-бүлөгө бала карап берүүгө кабыл алындым. Келишим 1 жылга түзүлдү. Азыр бул жерге келгениме 5 жыл болуп калды.

Бөтөн эл, бөтөн жер…

- Алгачкы жылдары баары оңой болгон жок. Бирок анда эжем жанымда болчу. Башка өлкөгө көнүп кетүүгө эжемдин салымы чоң болду. Негизи башында тил жагынан кыйналдым. Анткени канчалык үйрөнсөм дагы өз тилиңдей болбойт экен. Тилди эң мыкты деңгээлде билмейинче, башка тепкичтерге чыгуу же окуп, иштеп кетүү өтө кыйын. Эгер тилди жакшы билсең, анда башка жеңиштерге жетишесиң. Мен келгенден кийин, тактап айтканда 8 айдан кийин эжем Кыргызстанга биротоло кетти. Ошондо чындап кыйынчылыкты тарта баштадым. Жалгызсырап калдым. Ата-энем, үй-бүлөм алыста болуп, кусалык абдан кыйнады. Бирок койгон максаттарың чоң болгондон кийин, баарын таштап кете албайт экенсиң. Канчалык кыйналсам дагы көздөгөн багытымдан кайтпаганга аракет кылдым. Ошентип жөнөкөй жумуштарда иштеп жүрүп, бир университетке окууга өтүп кеттим. Бул менин эң алгачкы чоң жеңишим болду.

Учурда Германиянын Крефельд шаарында жашап, балдардын тиш дарылоо клиникасында тиш дарыгердин жардамчысы болуп эмгектенем. Окуумду ушул жылы бүтөм. Окуудан чыгып, дароо жумушка жөнөйм. Бул клиника мага чоң тажрыйба берүүдө.

Балдарды ыйлатпоого аракет кылабыз

- Булардын тиш дарылоо ыкмасынын биздин өлкөдөн айырмачылыгы эмнеде экенин билбейм. Анткени мен 5 жыл мурун Кыргызстанда тиш дарыгеринде болгом. Андан бери өзгөрүү болсо керек. Бул жакта жаңы жабдуулар, жаңы технологиялар менен иштешет. Биз балдар клиникасында иштейбиз. Бир байкаганым, балдарды ыйлатпаганга аракет кылышат экен. Кокус бала коркуп, ыйлай турган болсо аны даярдап, улам эс алдырып, акырын гана дарылап коюшат. А, эгер ага да болбой коркуп ыйлай турган болсо, ата-энесинен башка күнү келүүгө суранабыз же дагы башка ыңгайлуу жолдорун табууга аракет кылабыз.

Германиялыктар ден соолукту камсыздандырышат

- Элдер тишине аябай көңүл бурушат. Бул жакта ата-энелер балдарына таттууларды чеги менен беришет. Эртең менен жана кечинде сөзсүз тиш жуудуртушат. Тишинде курт жок болсо да 6 ай сайын кароодон өтүп, өздөрүнө керектүү витаминдерди алып кетишет.

Германияда саламатыкты сактоо тармагы камсыздандыруу системасы менен иш алып барышат. Ар бир адам төрөлгөндөн баштап ооруканага ар кандай суммада каражат төлөп турушат. Мен дагы төлөп койгом. Дарыгерге барса да, барбаса да ден соолукту камсыздандырышат. Биз ошо камсыздандырууга төккөн каражатына жараша дарылайбыз.

Тиш дарылоо акысы кымбат

- Акчаны өзү төлөп дарылатам дегендер бар. Тиш дарылоо бул жакта Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат болсо керек. Мисалы, бир жакшы пломбаны салып берүү үчүн 7000-10 000 сомдун тегерегиндеги каражат керек. Дарыгерлер келген бейтаптын уруксаты жок, өзүм билемдик менен дарылабайт. Сөзсүз уруксатын алып, мыйзам чегинде дарылайбыз. Жада калса рентген кылганда да кол койдуруп, дарылоого уруксат алабыз.

Немис элинин өзгөчөлүгү

- Өзүңөр билгендей, Германия өнүккөн, алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет. Элдин жашоосу абдан жакшы. Мени таң калтырганы, бул жакта тактык эң биринчи орунда турат. Той болобу, иш-чара болобу, дарыгерге барабы, айтор бир жыл мурун сааты, күнү менен пландап, ошондон бир мүнөт да кечикпей келишет. Элдер бири-бири менен иши жок. Көчөдө уруш-талаш көрбөйсүң. Бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылышат. Бул жакта эң көп колдонгон сөзү — «рахмат», «кечирип кой». Эгер бирин-бири жөөлөп кетсе, алардын кимисинен күнөө кетсе дагы бири-биринен тең кечирим сурай беришет.

Биздин өлкө эмне үчүн Германия боло албайт?

- Эң негизги эле маселе — коррупция деп ойлойм. Балким коррупция болбогондо өнүгүү, алдыга жылуу болот беле. 6 млн алакандай калкыбыз бар. Анын да жарымы сыртта жүрөт. Туристтерди кызыктырган мекенибиз бар. Ушул алакандай жерибиз менен алакандай элибизди туура багыт менен башкарып, өнүктүрүп кете албай жаткан чоңдорубузга таң калам. Болбосо, Германияда 80 миллиондон ашуун калк жашайт. Алар кандай гана өнүгүү жолунда кетип бара жатышат.

Бизде эл арабасын өзү тартып, өз оокаты менен жүрөт. Бул жакта болсо иштебеген адамдарга мамлекет сөзсүз түрдө жашаган жерин, тамак ашын дайындап берет. Бизде элди карабай эле койсун. Болгону коррупция жоготушса. Азыркы өсүп келе жаткан жаштар жакшы билимге ээ болуп, Кыргызстанды туура жолго салат деп ойлойм.

Париждеги эсте калган окуя

- Эсте калган окуялар көп болду. Азыр деле болуп турат. Башында тил билбей, уялгандарымды, адашкан учурларымды эстеп күлүп калам. Бирок бир окуя такыр эстен кетпейт. Ошону айтып берейин. Эжем менен Франциянын Париж шаарына саякатка барып калдык. Азем белек сатып алуу үчүн бир дүкөнгө кирдик. Мен футболка тандап алдым. Анын акчасын төлөп, ар кайсы нерсеге суктанып, сапарыбызды уладык. Бирок дагы бир футболканы ойлонуп жатып алып кетип калыптырмын. Бардык жерде камера бар да. Орто жолдон баягы футболканы байкап, эжем экөөбүз тең нес болуп калдык. Эми уят болдук, азыр полиция кызматкерлери кармап кетсе эмне болот деп, аябай корктум. Эжем экөөбүз баягы дүкөнгө кирип барып, кечирим сурап, экинчи футболканы тапшырдык. Сатуучулар жылмайып, видеокамерадан байкагандарын айтып, бирок келишет деп күтүшкөнүн билдиришти. Бир четинен уялып, кыргыздар ушундай калк болот турбайбы деп ойлобосо экен дедим.

Келечекте

- Келечекке максаттарым өтө көп. Окуумду бүтсөм, азыркы клиникадан ишимди улантып, дагы бир окуу жайдан билим алайын деп турам. Тиш дарылоо ооруканасын ачкым келет. Чоң максаттарымдын бири – ата-энемди жакшы өлкөлөргө алып баруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×