Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусу, Нарын 26.03.2019 09:13

Нарында инвестициялык форум өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө караштуу регионалдык инвестициялык кеңештин он төртүнчү отуруму өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага акимдердин биринчи орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, коомдук бирикмелердин башчылары, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Отурумда Нарын районунда ишкерликти өнүктүрүү максатында, инвестиция тартуу багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана бизнести өнүктүрүү үчүн бизнес инвестицияларды тартуу боюнча өкүлдөр жана жетекчилер маалымат беришти.

Форумдун катышуучулары алгач Эмгекчил айыл аймагына караштуу Карабүк участкасында мал союучу жана жүн, тери иштетүүчү жайдын курулушу менен таанышышты. Жаңы курулуп жаткан жайга алынып келген заманбап үлгүдөгү жабдуулар эмне иш аткарары туурасында маалымат берилди. Мал союучу жайдын курулушу башталгандыгын да көрүштү.

Андан соң отурумдун экинчи бөлүгүндө Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Жанышбек Ибраимакун уулу Нарын районунда жүргүзүлүп жаткан инвестициялык ишкердүүлүк боюнча маалымат берип, ишке ашырыла турган инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. Форумда дубан башчынын биринчи орун басары К.Азисов, «Гарантиялык фонд» ААКнын, банк өкүлдөрү өздөрүнүн маалыматтарын беришти. Ошондой эле ишкерлик боюнча суроолорго жооп беришти. Мындан сырткары насыя алуунун жол-жоболорун айтышты. Иш-чаранын соңунда айрым ишкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×