Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.03.2019 13:06

Ак-Талаанын Баетов айылында теннис оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында стол үстүндөгү теннис оюну өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 23-мартта Ак-Талаа райондук теннис федерациясынын президенти Айбек Жаңылышов менен райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулунун уюштуруусунда теннис боюнча эркектер арасында мелдеш өттү. Мелдештин байге фонду 6 миң сомду түзүп, ал теннис федерациясынын президенти тарабынан каржыланды.

Мелдештин соңунда 1-орунду Руслан Мусаев, 2-орунду Чолпонбек Жамадилов, 3-орунду Бакыт Карыпбаев камсыздашып, акчалай сыйлыкка жана дипломго ээ болушту. Андан сырткары мыкты оюнчулар дагы аныкталып, сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×