Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Нарын облусуНарын району 23.03.2019 16:23

Нарын районунда былтыр эки адам өз жанын кыйган (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун аймагында 2018-жылы өзүн-өзү өлтүрүү боюнча 2, ар кандай кылмыштуулук 2, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 32 факт катталган. Бул тууралуу райондук прокуратура тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөн тегерек столдо маалымдалды.

Маалыматка караганда, ушул жылдын март айынан тарта Нарын райондук прокуратурасы тарабынан бардык мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Анда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, зордук-зомбулук, өз жанын кыюу көйгөйлөрү айтылып, алардын алдын алуу боюнча тиешелүү адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×