Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Чүй облусуМосква району 21.03.2019 22:32

Беловодск айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланат

Turmush -  Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Төлөмүшевди ээлеген кызматынан бошотту. 15-марттагы буйрукка Б.Төлөмүшев өз каалоосу менен жазган арыз негиз болгон, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясы.

Жаңы айыл өкмөт башчыны шайлоо 8-апрелге белгиленди. Айылдык кеңештин депутаттары добуш берүүнү саат 09:00дө башташат.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 48-беренесине ылайык, жогорку билими жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик мекемелерде же уюмдарда, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөттүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөт башчылыкка талапкер болуп катталбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×