Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуБакай-Ата району 21.03.2019 15:27

Бакай-Атадагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Эрнис Оморканов кызматтан бошотулду

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Эрнис Оморканов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал тууралуу буйрукка аким 19-мартта кол койгон. Буйрукка Э.Оморканов өз каалоосу менен жазган арыз негиз болду, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясы.

Жаңы айыл өкмөт башчыны шайлоо күнү да белгиленди. Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөт башчыны шайлоо үчүн 8-апрелде саат 9:00дө добуш берип башташат.

Учурда айыл өкмөттү райондук маданият үйүнүн жетекчиси Зейнегүл Уйбакова убактылуу башкарып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×