Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуСокулук району 21.03.2019 13:17

Видео, сүрөт — Сокулукта ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылынын ат майданында улуттук ат оюндары уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ат оюндары кунан чабыш, тай чабыш, аламан жарыш жана көк бөрү менен коштолду. Кунан чабыш мелдешинде жалпы 13 тулпар жарышка түшүп, Ысык-Ата районунан келген Чыңгыз Ишеналиев Балтика аттуу тулпары менен 1-орунду жеңип, 20 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми 2-орунду Сокулуктун Жал айылынан келген Рыскул Дыйканалиев Рамзис тулпары менен жеңип, 12 миң сом менен сыйланды. Чоң-Далы айылынан келген Ногойбай Самтыров Кундуз аттуу тулпары менен 3-орунду багындырып, 8 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Ал эми тай чабыш мелдешине 12 тулпар түшүп, анда 1-орунду Сокулуктун Шалта айылынан келген Ишен Жумашев Лотос аттуу тулпары менен жеңип, 10 000 сом сыйлык алса, 2-орунду Сокулуктун Жал айылынан келген Жолой Бейшенов Саякат тулпары менен жеңип, 7000 сомго ээ болду. Ал эми 3-орунду болсо Карасакал айылынан келген Азат аттуу саяпкер Лазер күлүгү менен утуп, 5000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Аламан жарышка жалпысынан 16 тулпар катышты. 1-орунду Кызыл-Билек айылынан келген Адилет Бекбоев Мим тулпары менен жеңип, 27 миң сомго ээ болсо, 2-орунду Аламүдүндөн «Ветка» чарбасынан келген Торубул тулпары жеңип, ээси 15 миң сом менен сыйланды. 3-орунду Сокулуктун Орок айылынан келген Рамзан Мирзаев Измирь тулпары менен жеңип, 12 миң сом, 4-орунду Шалта айылынан келген Арабек Сыдыгалиев жеңип, 6 миң сом, 5-орунду Бербулак айылынан келген Эсен уулу Кубаныч Орлик аттуу тулпары менен жеңип, 3,700 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми Сокулукта акыркы эки айдан бери өткөрүлүп жаткан көк бөрү оюнунун 5-этабы, тактап айтканда финалдык беттеши болду. Анда 1-орунду Военно-Антоновка айылынан куралган команда жеңип, кубок, медаль, диплом жана 17 миң сом акчалай сыйлык менен, 2-орунду Кызыл-Туу айылынын командасы жеңип, медаль, диплом жана 12 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышса, 3-орунду Биринчи май айылынын командасы жеңип, медаль, диплом жана 8 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×