Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 20.03.2019 23:34 На русском

Видео - Оштогу май куюучу жайдагы ири өрт. Жабырлануучулардын абалы кандай?

Turmush -  Бүгүн кечке маал Ош шаарынын Петров көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанында май куюучу жайдан өрт чыкты. Ал жерге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов барды.

"Мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын негизинде каралып, талапка жооп бербегендер алынат. Шаар тургундарынан да кабар алабыз. Жардам керек болсо ар дайым даярбыз", - деди Т.Сарыбашов.

Шаар мэри учурда ооруканага түшкөндөрдөн кабар алганы жөнөп кетти.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нөөмөттөгү хирургу Аятилло Умурзаковдун айтымында, саат 21:40 чамасында 2 жабырлануучу келип түшкөн. Бирөөсү 1960-жылы туулган. Бетинен 9-12-даражадагы күйүк алган. Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган. Анын ичине жарылган цементтин калдыгы келип тийген. Учурда 2 бейтапка тең тийиштүү медициналык жардамдар берилүүдө.

Бүгүнкү өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркаган, алардын экөөсү аталган ооруканага, дагы бири шаардык ооруканага жаткырылган.

Ичине жарылган цементтин калдыктары тийген баланын досторунун айтымында, алар май куюучу жайдын артында 50 метрдей алыстыкта сүйлөшүп турушкан.

"Биз дос балдар болуп сүйлөшүп турганбыз. Бир убакта тарс деген катуу үн чыкты. Жарылган цементтин калдыгы арабыздагы дос балабызга тийди. Азыр дарыгерлер абалы жакшы деп жатышат”, - деди алар.

Өрт саат 22:10дө чектөөгө алынган. Жеринде Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм жана штаб өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×