Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 20.03.2019 16:45

Ошто премьер-министр облустун акимдери менен чогулуш өткөрүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 20-март күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусундагы акимдердин катышуусу менен жыйын курууда. Жыйынга айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев дагы катышып жатат. Бул тууралуу аймактык ккабарчы билдирди.

Иш-чара жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жыйындар залында өтүүдө. Алгач министр Нурбек Мурашевдин баяндамасы угулуп, андан кийин премьер-министр М.Абылгазиев түз байланышта Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен сүйлөштү. Ал Чүй облусу айыл чарба багытында башка облустарга үлгү болуш керектигин, ошол эле кезде өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ролу, аткарган иштери билинбей жатканын айтты.

Жыйын айыл чарба маселелерине арналган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×