Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 20.03.2019 12:21

Өкмөт башчынын Оштогу сапары башталды

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунда жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат. Анын иш сапары 20-21-мартка белгиленгенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн аймактарынын башчыларынын катышуусунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну талкуулоо боюнча селектордук жыйын өткөрөт.
Мындан тышкары 2019-жылы Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланышынын алкагында иш-чараларга даярдыктардын жүрүшү менен таанышып, Нооруз майрамын белгилөөгө арналган майрамдык иш-чараларга катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×