Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Талас облусуТалас району 09.06.2019 18:16

Айыл турмушу: Таластык Ж.Токтомушев жөнөкөй 100 кой багууга караганда 15 гиссар кой багып, кирешени көп таап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 58 жаштагы тургуну Жаныбек Токтомушев 35-40 миң сомдук гиссар койлордун санын көбөйтүү менен алек болуп келет. Аймактагы кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, гиссар койлордун кочкорлору 35-40 сомдон сатылат.

«Мен кичине кезимден эле малга аралашып чоңойдум. Акыркы 10 жыл аралыгында асыл тукум жылкыларга көңүл буруп, бир-экини багып жүрдүм. Ойлоп көрсөм кой баласы бат көбөйөт. Анан да соодада өтүмдүү болот экен. Ага болгон суроо-талап дагы көп. Ошон улам атайын Кыргызстандын башка облустарынан гиссар койлорду ташыган жигиттер менен сүйлөшүп, ар бирин 11 миң сомдон 15 баш гиссар койду Чүй облусунан алдырдым. Быйыл экинчи тууту. Мурун да саны 100-150гө жеткен кыргыз койлорду багып келгем. Азыр болсо сандан сапатка өтүп, ошол учурдагы кирешени 15 баштан дагы тапса болорун билдим.

Быйыл жаздын келиши менен эле гиссар койлорду көбөйтөм дегендер сатып алып кетишти. Туулганына 2-3 ай болгон козуларын 8 миң сомдон, 6-8 ай болгондордун 15 миң сомго чейин саттым. Ал эми кочкорлору 35-40 сомдон болду. Бул гиссар койлордун эттери дагы берекелүү болот. Бул койлор эт багытындагы койлор. Анткени күзүндө өзүм союп алдым. Кичине эле козусунан 35 кг ашык эт алдым. Гиссар койлор түзүлүшүнөн дагы биздин кыргыз койлорунан айырмаланып турат. Биз кыргыз койлорун атайлап жүнүн кыркып алсак гисар койлордуку өзү түшүп калат. Экинчиден булардын кулактары башкача келет дагы дене түзүлүшү узун болот.

Алдыда дагы санын көбөйтүп, кыргыз койлордун ордун толуктасамбы деп ойлоп жатам. Анткени 150-200 кой бакканга караганда 20-30 баш гиссар кой баксаң, кирешең мол болот экен. Азыр мал менен алектенем деп жаткан тааныштарга өзүмдүн оюм менен бөлүшүп, гиссар койлорду багунуу сунуштап жатам», - деди ал.

Жаныбек мырза 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×