Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуСокулук району 19.03.2019 19:01

Сокулуктагы 2 айыл өкмөттүн башчысы шайланды

Turmush -  Бүгүн, 19-мартта Чүй облусунун аймагында айыл өкмөт башчыларды шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду Сокулук районундагы 2 айыл өкмөттө уюштурган.

БШКнын маалыматы боюнча, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган. Аймактык кеңештеги депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 14 добуш алган Ысакулов Залкар Максатбекович айыл өкмөт башчы болуп шайланды. Новопавловка айылдык кеңешиндеги 21 депутат бүгүнкү шайлоого толугу менен катышкан.

Ошондой эле Төш-Булак айыл өкмөтүндө шайлоо болуп, 6 добуш алган Баяке уулу Болоткан айыл өкмөт башчысы болду. Ал жалгыз талапкер болуп катталган. Төш-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутат шайлоого толугу менен чогулушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×