Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуНоокат району 19.03.2019 14:24 На русском

Ноокаттагы М.Гапаров атындагы гимназия электрондук журналга өттү (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Мырза Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын гимназия жатак-мектебине электрондук журнал орнотулуп, ишке берилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Зайнабидин Мамасыдыков билдирди.

Анын айтымында, электрондук журналдын бет ачары өтүп, анын пайдасы жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылган. Электрондук журнал окуучулардын мектепке келип-кетүүсү, алган баалары боюнча анализ, мониторингдерди жүргүзүп, окуучунун ата-энесине кайсы жерде болгондугуна карабай маалымат берилип турат. Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиевдин айтымында, бул долбоор колдоо тапса окуучунун жүрүм-турумун, алардын алган бааларын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, бирок долбоор интернет менен иштегендиктен маалыматтык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Ноокат районунда «Коопсуз мектеп» программасынын алкагында 35 билим берүү мекемеси жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана ата-энелердин жардамы менен видео көзөмөлгө алынган. Ата-энелер менен смс аркылуу байланышуу боюнча 5, электрондук «Айбилим» жана «Билим булагы» долбоору боюнча 4 билим берүү мекемеси ишейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×