Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Нарын облусу, Нарын 19.03.2019 12:21 На русском

Айдоочу Ж.Оторбаев таштандыдан жуурканга оролгон бишкектик тургундун жансыз денесин тапкан

Turmush -  Нарын шаарынын 54 жаштагы тургуну Жекшенбек Оторбаев 3 жылдан бери шаардагы «Таза-Нарын» ишканасында айдоочу болуп эмгектенип келет. Ал өзүнүн иш үстүндөгү кыйынчылыктары жана кызыктуу окуялары тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Өзүнүн айтымында, Нарын шаарында төрөлүп, ушул жерде балачагы өткөн. Ал шаардагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебин аяктап, 2 жыл аскердик кызматын өтөгөн.

«Мен Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы орто мектебин аяктаган соң, 2 жыл аскердик кызматымды өтөп, 1986-жылы жогоруда аталган шаарга келгем. Ошондон бери мамлекеттик кызматтарда айдоочу болуп эмгектенип жүрдүм. 3 жылдан бери шаарыбыздагы "Таза-Нарын" ишканасында айдоочумун. Албетте ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот. Биздики да ошондой. Бирок аны көп эл баалай бербейт. Тескерисинче "силерге акча төлөп жатабыз" деп эшигинин алдынан бери жыйнаткан учурлар кездешип, биз менен урушуп, басынткан күндөр болот. Шаар жалгыз эле биздики эмес, баарыбыз үйдөн чыккандан кийин тазалыкты сактап, таштандыларды таштанды салуучу урналарга салып турсак, бизге дагы жеңил болмок», - деди ал.

Айдоочу жубайы Кенжегүл Коңурбаевага баш кошконуна быйыл туура 27 жыл болду. Алар 2 уул жана 1 кыздын ата-энеси.

«Өзүмдүн ишимди абдан жакшы көрөм. Кандай гана кыйынчылыктарга учурабайлы шаарды тазалоодон ырахат алабыз. Ошону менен бирге ар кандай таң каларлык учурларга да кездешебиз. 2018-жылы кечки саат 17:00 чамасында таштанды таштоочу урналардын жанында жаңы оролгон төшөк жатыптыр. "Бул жаңы эле төшөктү эмнеге ыргытып жиберишкен" деп ичин карасам киши бар экен. Аны жип менен байлап, андан кийин төшөккө орошуптур. Башында жаздык жаздалуу экен. Өрттөгөнгө аракет кылган экен. Бирок ал күйбөй калыптыр. Кыязы жаңы эле ыргытып, менин келе жатканымды көрүп, качып кетишкен окшойт. Ошол жерден милицияга телефон чалдык.

Кайсы жыл экени эсимде жок. Шаардын РТС аймагындагы №10 мектептин жанындагы каналда 6 жашар кыз агып бара жатканын көрүп, суудан алып чыгып, жасалма жол менен дем алдырып куткарып калгам. Тез жардам чакырып, алар ооруканага алып кеткен. Кийин ошол кыздын ата-энеси түлөө берип, мага калпак кийгизип, ыраазычылык билдиришкен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×