Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 18.03.2019 15:41 На русском

Чүйлүк дзюдочулар республикалык турнирде 1-орунду багындырышты (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында дзюдо боюнча республикалык мелдеш ѳткѳрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган мелдешке Казакстандан 3 команда, Түркиядан 1, Россиядан 2 команда жана Кыргызстандын аймактарынан командалар келишти. Жалпы 23 команда катышып, 400 спортчу беттешке чыгышты.

Жыл сайын ѳткѳрүлүүчү дзюдо мелдешинде 2007-2008-2009-2010-жылдары тѳрѳлгѳн балдар жана 2004-2005-2006-2007-жылдары туулган кыздар күч сынашты.

Мелдешти Улуттук дзюдо федерациясынын Сокулук району боюнча вице-президенти, улук машыктыруучу Мэлис Сагыналиев уюштурган. Анын айтымында, командалык упай менен 1-орунду Чүй районуна караштуу Кегети айыл аймагынын Ѳтѳгѳн айылынын дзюдочулары алышты. Алар 4 алтын медаль, сыналгы, кубок менен сыйланышты. 2-орунду Сокулук району алып, 3 алтын медаль, сыналгы, диплом менен сыйланышса, 3-орунга Ысык-Ата районунун командасы татыктуу болуп, 2 алтын медаль, сыналгы, диплом алышты. 4-орунду Чүй районуна караштуу Бурана айылынын командасы жеңип, 2 алтын медаль, 5-орунду Талас облусунун командасы алып, 2 алтын медаль менен сыйланды.

Упай жалпы тайпалардын уткан медалдарынын санына жараша бѳлүштүрүлдү. Ошондой эле балдарга дзюдо деп жазылган калпак кийгизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×