Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусуКочкор району 18.03.2019 14:32 На русском

Кочкордо кургак учуктун алдын алуу боюнча флешмоб өттү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун борборунда «Кургак учукту бирге жеңебиз!» аттуу флешмоб өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Флешмобго Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин окуучулары, райондук ден соолук комитети, оорукананын жана райондук мамадминистрациянын кызматкерлери катышып, кургак учуктун алдын алуу, дарылануу жолдору боюнча маалыматтар айтылды. Мындан сырткары окуучуларга ден соолукту чыңдоочу спорттук шаймандар белекке берилди.

Кургак учук боюнча райондо бир айлык жарыяланып, окуучулар дилбаян жазып, сүрөттөрдү тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×