Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.03.2019 12:24

Ак-Талаада футбол боюнча кайрымдуулук мелдеши өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөндүгүн райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 16-март күнү Арап уулу Канатбектин операциясына керектүү каражатты чогултуу максатында кайрымдуулук мелдеши өткөрүлдү. Мелдешке мекеме-ишканалардан 6 команда ортого каражат чогултушуп, оюн талаасында беттешишти.

Мелдештин соңунда 1-орунду райондук сот, 2-орунду райондук ички иштер бөлүмү, 3-орунду «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби камсыздашты. Мелдеште 6 миң сом каражат чогултулуп, Арап уулу Канатбекке берилген.

Ак-Талаа районунун тургуну Арап уулу Канатбек «Шминке опухоль » оорусу менен жабыркап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×