Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуАт-Башы району 18.03.2019 09:18

Ат-Башыда эхинококкоз боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда эхинококкоз, альвеококкоз оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын улук инспектору Алыбек Мааданбеков билдирди.

Маалым болгондой, медицина кызматкерлери батыш жана чыгыш зоналарына бөлүнүп алышып, айылдарды түрө кыдырышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

«Эхинококкоз оорусу боюнча райондун батыш зонасына бир топ түзүлгөнбүз. Анын ичинде Ат-Башы райондук жеке ветеринарлардын ассоциациясынын төрагасы Бейшенбек Үсөнов бар. Жалпы оору жөнүндө элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Чыгыш зонага ветеринардык башкармалыктан өзүнчө топ түзүлгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×