Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 18.03.2019 10:35

Тоо арасындагы университеттин ийгиликтери. С.Нааматов атындагы НМУ (сүрөттөр)

Turmush -  Кыргызстанда алгачкылардан болуп модулдук-рейтингдик системаны, кредиттик жана дистанттык окутуу технологияларын киргизген тоо арасындагы жогорку окуу жай — Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети бир катар ийгиликтерге жетишти. Учурда мындай аракеттер улантылып жатат.

Бул жолу университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Өмүралиева Дамира Кемеловна менен университеттин ишмердүүлүгү боюнча кеӊири маек курдук.

- Саламатсызбы Дамира Кемеловна, Нарын мамлекеттик университетинин тарыхы жана ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз?

- Саламатсыздар. Биздин Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 23 жыл мурда алыскы, бийик тоолуу болгон Нарын шаарында ачылган. Андан бери көз ачып-жумгандай өткөн кыска убакыттын ичинде бул жаш университет көп ийгиликтерге жетише алды. Азыркы учурда Нарын университети орто кесиптик билимден баштап, докторантурага чейинки бардык билим деӊгээлдери боюнча адистерди даярдап жатат. Учурда бакалавриаттын 19 багыты жана магистратуранын 2 багыты, аспирантуранын 8 адистиги, докторантуранын 2 адистиги, орто кесиптик билимдин 20 адистиги боюнча билим берүү ишмердиги жүрүп жатат. Өзүнүн 22 жылдык тарыхында Нарын мамлекеттик университети 10 миӊден ашык жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарган, алар учурда Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп иштеп жатышат.

- Университетте бүгүнкү күндө канча студент билим алууда жана окуу жайдын окутуучулук курамына токтоло кетсеңиз?

- Бүгүнкү күндө Нарын мамлекеттик университетинде 4 миңден ашуун адам билим берүүнүн ар кандай деӊгээлдери жана багыттары боюнча билим алып жатышат. Жогорку окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы 225 мугалимден турат, анын ичинен 136 мугалим жогорку кесиптик билим берүү, ал эми 89 окутуучу орто кесиптик билим берүү менен алектенет. Алардын катарында илимдин 4 доктору жана 53 кандидаты бар. Университет илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого чоӊ маани берет. Акыркы 10 жыл ичинде университеттин 62 кызматкери өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн ийгиликтүү коргошуп, окумуштуулук даражага татыктуу болушту. Алардын ичинде 53 адам илимдин кандидаты жана 5 адам илимдин доктору даражасын алышты. Окутуучулардын 99%ы штаттык негизде эмгектенет.

- Чынында сиздердин университет жаш университеттердин бири экен. Жаш болгондугуна карабастан материалдык-техникалык базасы толук камсыз болгонбу?

- Университеттин материалдык-техникалык базасы окуу-тарбия процессин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарга ээ. Окуу жайдын карамагында 6 окуу имараты, 1 спорт зал жана 3 окуу залына ээ болгон илимий китепкана бар. Спорттук зал университеттин өздүк каражаттарынын эсебинен курулуп бүтүп, 2016-жылы октябрь айында пайдаланууга берилген. Окуу корпустары Интернет тармагына жана жергиликтүү тармактарга кошулган. Окуу процессинин жыйынтыктарын автоматтык анализдөө жана башкаруу үчүн AVN маалыматтык системасы колдонулат. Университеттин расмий веб-сайтында студенттер үчүн аралыктан билим берүү порталы иштейт. Илимий китепкананын китеп фонду 100 миӊден ашык нуска китептен турат. Андан сырткары 30дан ашык илимий жана методикалык басылмаларга жазылуу жүрүп турат.

Материалдык-техникалык базаны чыӊдоого жумшалып жаткан каражаттардын олуттуу бөлүгүн эл аралык долбоорлордун, гранттардын каражаттары түзөт. Мисалы, 2017-жылда эле жалпы 7,5 млн сом суммасындагы гранттарга окуу аудиторияларына, лабораторияларга жабдуулар алынып келди. Гранттардын эсебинен 6 заманбап лаборатория түзүлдү. Мисалы, ветеринардык лаборатория, кийимдерди тигүү жана дизайн боюнча лабораториясы, педагогикалык лаборатория ж.б.

Өткөн 5 жыл ичинде университет жалпы суммасы 77 млн сомдук гранттарды утуп алган. Бул каражаттарды, бир жагынан университеттин материалдык-техникалык базасын чыӊдоого чоӊ салым катары, экинчи жагынан өлкөнүн сыртынан алынган тышкы инвестиция катары баалоого болот.

Өз каражатыбыз менен да бир кыйла иштер аткарылды. Заманбап спорттук зал кура алдык, Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагындагы имараттарыбызды борбордук канализацияга коштук, мурда суу киргизгенге мүмкүн эмес деп эсептелген окуу имараттарга суу киргизилди. Мындай иштер университеттин жамаатында ишенимди пайда кылып, мындан да чоӊ ийгиликтерге шыктандырат деп ойлойм.

- Сиздердин университеттин бүтүрүүчүлөрү облус аймагындагы түрдүү тармактарда иштешет. Алардын ичинен орто мектептердин мугалимдери билимдерин жогорулатууда сиздердин ордуңуздар кандай?

- Биздин университеттин мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору облустун мектептеринин мугалимдерине кыска мөөнөттүү (72 сааттык) квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу менен алектенет. Борбордун курстарында жыл сайын орточо эсеп менен облустук жалпы билим берүү мекемелеринин 400гө жакын мугалими ар түрдүү багыттарда билимин жогорулатып турушат. Мындан тышкары университеттин «НМУнун жарчысы» илимий журналы жылына 4 жолу чыгарылып, анда жыл сайын жергиликтүү окумуштуулардын 200дөн ашык илимий макалалары жарыяланат. Облус аймагындагы мектептер менен биргелешип ар кандай иш-чараларды уюштурабыз. Алсак, окуучулардын предметтер боюнча олимпиадасы, мектептердеги сабактын планынын структурасы, университеттин окутуучулары менен бирдикте мектептерде предметтик сабактарды биргелешип окутуу, маданий окуяларга жана тарыхый даталарга арналган кечелер, конференциялар, тегерек столдор ж.б.

- Университеттин окуу процессинде заманбап методикалар, технологиялар колдонулабы?

- Окуу процессинде алдыӊкы методикалар, окутуу технологиялары активдүү колдонулат. Нарын университети Кыргызстанда алгачкылардан болуп модулдук-рейтингдик системаны, кредиттик жана дистанттык окутуу технологияларын киргизген. Университеттеги дисциплиналардын көпчүлүгү боюнча жаӊы маалыматтык технологияларды колдонуу менен түзүлгөн электрондук окуу-методикалык комплекстер иштелип чыгып, окуу процессинде активдүү колдонулат. Нарын университетинин окутуучулары EdNet ассоциациясы тарабынан өткөрүлүүчү республикалык окуу-методикалык комплекстердин сынагына жыл сайын катышып, байгелүү орундарды алып келишет.

- Университеттин эл аралык байланыштарына токтоло кетсеңиз.

- Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү университеттин ишмердигинин эӊ башкы багыттарынын бири болуп саналат. Нарын университети бир нече жылдардан бери EDUCA, Erasmus Mundus TOSCA I-II, Euro Asian CEA I-II, LOGO, EcoCar, UNICO, TUCAHEA, KyrMedu сыяктуу эл аралык ири долбоорлордун активдүү катышуучусу болуп саналат. 30дан ашык жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташтык келишимдери түзүлгөн. Бул келишимдердин негизинде акыркы беш жыл ичинде 50дөн ашык окутуучулар жана студенттер чет өлкөлөрдөгү конференцияларга, семинарларга жана стажировкаларга барып келишти.

- Буга чейин массалык маалымат каражаттарында университет «Европалык сапат» Эл аралык сыйлыгын алгандыгы тууралуу кабарланган эле. Ошол боюнча айта кетсеңиз.

- Туура, 2010-жылы Европа Бизнес Ассамблеясы (Оксфорд, Англия) «Европалык сапатка ылайык жогорку сапатка жетүүгө тынымсыз умтулуусу» үчүн Нарын мамлекеттик университетине «Европалык сапат» Эл аралык сыйлыгын ыйгарган. Мындан сырткары, 2010-жылдын 20-майында Нарын университети билим берүү системасын өнүктүрүүгө, республиканын ар кайсы тармактары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасы менен да сыйланган.

- Университеттин окуу-методикалык ишмердүүлүктөрүнө кененирээк токтоло кетсеңиз.

- Жогорку окуу жайдын окутуучусунун жогорку максаттарынын бири – даяр окуу китептерин гана колдонбостон, автордук окуу китептерди, окуу колдонмолорун иштеп чыгып, өз окуу жайында колдонуп, колдон келсе башка окуу жайларга да таратуу. Өткөн 5 жыл ичинде НМУнун окутуучулары тарабынан 23 окуу-методикалык колдонмо, 6 окуу куралы, 2 окуу китеби, 6 монография иштелип чыккан. Ошондой эле Нарын университетинин окутуучулары ушул окуу-методикалык ишмердик боюнча республикалык жана эл аралык сынактарга да активдүү катышып келишет. Мисалы, 2016-2017-жылдарда EdNet ассоциациясы тарабынан уюштурулган окуу-методикалык комплекстердин сынагында «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын доценти, т.и.к. Дюшекеев К.Д. 1-орунга татыктуу болуп, «Тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү» кафедрасынын доценти, т.и.к. Эсеналиева Г.О. диплом менен сыйланган. Ушул эле жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун кеӊеши уюштурган «Эӊ мыкты инновациялык окуу-методикалык комплекс» сынагына «Физика-математикалык билим берүү» кафедрасынын окутуучусу Асанбаева А.К. катышып, жеӊүүчү аталган.

- Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн кандай иштер жүргүзүлүүдө?

- Азыркы тез өнүгүп, тынымсыз өзгөрүп жаткан дүйнөдө ар бир мугалим өзүнүн билимин тынымсыз өнүктүрүп турууга тийиш. Бул маселеге да Нарын университетинде астейдил көӊүл бурулат. Бул багытта НМУнун жетекчилиги окутуучулардын диссертациялык изилдөөлөрүнө, квалификациясын жогорулатууга олуттуу көмөк көрсөтүп келет. 2012-жылдан баштап жыл сайын университеттин Билим сапат менеджменти борборунун базасында окутуучулардын билимин жогорулатуу боюнча курстар уюштурулат. Бул курстардын темаларын аныктоодо окутуучулардын суроо-талаптары эске алынат. Университетте өткөрүлгөн квалификацияны жогорулатуу курстарына окутуучулардын дээрлик бардыгы катышат. Окутуучулардын бир кыйла бөлүгү республикалык деӊгээлдеги квалификацияны жогорулатуу курстарына, семинарларга, тегерек столдорго катышып, билимин жогорулатып турушат. Андан тышкары, жыл сайын бир катар окутуучуларыбыз эл аралык гранттардын эсебинен чет өлкөлүк такшалтмаларга барып турушат.

- Сиз ректор болгон акыркы 5 жылда чынында эл аралык байланыштар жакшырган экен. Окутуучулук курамдын жана студенттердин жетишкендиктерине токтоло кетсеңиз.

- Эл аралык байланыштардын өнүгүшү менен чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардан такшалтмадан өтүп келип жаткан окутуучуларыбыз арбын. Акыркы 5 жылда бардыгы 58 окутуучу чет өлкөлүк такшалтмага барып келишкен.

Жыл Чет өлкөгө барган окутуучулардын саны
2014 11
2015 17
2016 6
2017 9
2018 15
Бардыгы 58

Ал эми студенттерибиз да республикалык деӊгээлдеги сынактар, дебаттар, мелдештерге активдүү катышат. Мисалы, 2017-жылы 3 студентибиз Кыргыз Республикасынын президентинин стипендиясына татыктуу болушса, 1 студентибиз эл аралык деӊгээлде англис тилинде өткөрүлгөн дебаттын жеӊүүчүсү болгон.

Негизи, студенттерибиз университеттин патриоту катары колунан келген маселелерди чечүүгө аракет кылышат. 2016-жылы студенттердин демилгелүү тобу иштеп чыккан долбоорду Кыргызстандагы Германиянын элчилиги колдоп, университеттин башкы имаратынын алдыӊкы кабатында «Культуркафе» аттуу тамактануучу-эс алуучу жай ачылды. Учурда ал жайды студенттер социалдык ишкердик негизинде иштетип жатышат.

- Айтылгандардан сырткары сиздин ректорлук башкарууңузда кандай өзгөрүүлөр, ийгиликтер болду?

- Коомчулукка, жалпы элге университеттин ишмердиги боюнча маалыматтарды учурунда жеткирип туруу максатында 2016-жылы университеттин расмий сайты түзүлүп, туруктуу иштеп келе жатат. Сайттан университет жөнүндө толук маалыматтар менен, ошондой эле университеттеги маанилүү окуялар менен таанышууга болот. Жогорку окуу жайлардагы билим сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен 2017-жылы көз карандысыз аккредитациядан өтүп туруу талабы киргизилди. Көз карандысыз аккредитациядан өтүү аркылуу университеттеги билим сапаты тастыкталат. Бул багытта да бир катар ийгиликтерибиз бар. Өткөн үч жыл ичинде Нарын университетинин беш бакалаврдык багыты жана 1 магистрдик багыты көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Ал эми «Агрардык менеджмент» магистрдик программабыз Германиянын ACQUIN эл аралык аккредитациялык агенттигинен эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өткөнүн сыймыктануу менен айта алабыз.

2013-жылга чейин бардык адистиктер күндүзгү окуу формасында беш жылдык, сырттан окуу формасында алты жылдык программа менен окуп келишкен. 2013-жылдан 2016-жылга чейин 4 жылдык бакалавриат программасына өтүү аяктады. Мунун жыйынтыгында студенттердин окуу мөөнөтү 1 жылга кыскарды, демек 1 курстагы студенттер кыскарды десек болот. Ушундан улам 2016-жылы студенттердин саны кескин төмөндөп кеткен. Бирок кийинки 3 жылдан бери студенттердин саны жыл сайын 10-15%га жогорулап келе жатат. Мунун себеби университеттин эл арасындагы аброюнун көтөрүлүшү жана жамааттын кесипке багыттоо иштеринин үзүрү деп ойлойм.

Жогорку окуу жай билим берүү, адис даярдоо менен гана чектелбестен, илимий изилдөө мекемеси да болуп эсептелет. Нарын университетинде илимий изилдөө иштери жакшы жолго коюлган. Жаш окумуштууларыбызды, студенттерди илимге тартуу, кызыктыруу максатында жыл сайын республикалык, эл аралык деӊгээлдеги конференциялар, студенттик конференциялар өткөрүлүп турат. Өткөн 5 жыл ичинде 4 студенттик конференция, университеттин деӊгээлинде 6, республикалык деӊгээлде 11, эл аралык деӊгээлде 8, бардыгы 28 илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Атайын сынактан өтүп, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу илимий долбоорлорго да Нарын университетинин окумуштуулары активдүү катышып келет. Былтыркы жылы биздин окумуштуулар бюджеттен каржыланган 3 илимий долбоорду аткарышты. Бул изилдөөлөр негизинен өзүбүз жашаган Нарын регионунун курч көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Ушундай илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жыл сайын кеминде 3-4 диссертациялык изилдөөлөр корголуп жатат. Акыркы 5 жылдын ичинде 13 кандидаттык, 1 докторлук диссертация корголсо, анын ичинен филология боюнча 3, педагогика боюнча 10, экономика боюнча 4 жана тарых боюнча 1 диссертациялык изилдөө жүргүзүлгөн.

Өзүбүздө корголуп жаткан диссертациялардын эсебинен университеттин окутуучуларынын сапаттык көрсөткүчтөрү да жогорулап келет. Мисалы, 2018-жылы университеттин жогорку билим берүү программаларында 136 окутуучу эмгектенсе, алардын ичинен 58 окутуучу окумуштуулук даражага ээ болду, бул окутуучулардын жалпы санынын 42%ын түзөт. Мындан тышкары маданий-массалык, тарбиялык иштер жана спорт тармактарында алгылыктуу иштер жүрүүдө.

- Нарын университетин мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

Бул суроонун тегерегинде көптөн бери ой жүгүртүп келебиз. Менин оюмча, азыркы коомдук-экономикалык шарттарда Нарын университетин өнүктүрүүнүн бир катар негизги, артыкчылыктуу багыттары бар:

1. Университеттин финансылык-материалдык базасын чыӊдоо максатында эл аралык уюмдар, программалар, долбоорлор менен кызматташууну мындан ары да активдүү жүргүзүш керек;

2. Түркия Республикасынын Кастамону университети, Борбордук Азия университети сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташуунун негизинде эл аралык билим берүү программаларын түзүп, бүтүрүүчүлөргө кош диплом (Нарын университетинин дипломун жана өнөктөш чет өлкөлүк жогорку окуу жайынын дипломун) берүүнү колго алыш керек;

3. Агрардык-экономикалык колледждин, агрардык-техникалык факультеттин базасында ветеринардык клиника, ветеринардык лаборатория, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи ишканаларды түзүүнүн жолдорун иликтеп чыгуу.

Келечекте Нарын университети өзүнүн илимий потенциалын, илимий изилдөөлөрүн Нарын регионунун калкынын практикалык көйгөйлөрүн чечүүгө колдонушу керек.

- Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×