Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баткен облусу, Исфана 15.03.2019 22:32

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткенге кошумча авиакаттам ачылат

Turmush -  Эртең, 16-март күнү авиакомпаниялардын бири тарабынан Баткен–Исфана жана Исфана–Баткен багыты боюнча кошумча каттам жүргүзүлөт. Бул тууралуу Исфана аэропортунун жетекчиси Атамбек Туратов билдирди.

Анын айтымында, 16-мартта Бишкек–Баткен каттамы менен чыккан учак Баткенге келип конгондон кийин саат 12:30–13:00до Баткен–Исфана, саат 13:40–14:10до Исфана–Баткен каттамы менен жүргүзүлөт.

Авиабилет баасы 1000 сом. Бул каттам кыргыз-тажик чек арасына жакын Баткен районунун Аксай айыл аймагындагы кырдаалга байланыштуу уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×