Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусу, Ош 15.03.2019 19:30

Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси кардарына 2400 долларды ашык берген

Turmush -  Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайдын ээси кардарга (эркек киши) 2 миң 400 доллар акчаны ашык берген. Бул тууралуу жабырлануучунун сиңдиси Айдана аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 15-март күнү саат 10:30 чамасында А.Навои көчөсүндө жайгашкан «Келечек» базарындагы чет элдик валюталарды алмаштыруучу күркөдө болгон. Аталган жайда анын эжеси Айзада иштечү.

«Күркөдө эжемдин ордуна жездем иштеп жаткан. Акча алмаштырганы келген жаш жигит 20-50 долларлык купюраларды алмаштырган. Ал акчасын алмаштырып бүткөндөн кийин кошумча 2 миң 400 долларды салып кетиптир. Камераны карасак акчаны өзүнүн майда акчаларына кошуп алыптыр» ,- деди А.Абдувалиева.

Ал эми Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы аталган факт боюнча маалымат түшпөгөнүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×