Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусу, Ош 15.03.2019 18:53

Ошто жарым килограммдай баңгизат алып жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында баңгизат алып жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, 13-март күнү Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда 1993-жылы туулган жаран токтотулуп, күбөлөрдүн катышуусу менен текшерилген. Ал көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинен салмагы жарым килограммдай баңгизат табылган.

Атайын экспертизанын жыйынтыгында ал зат 560 грамм гашиш экени аныкталган.

Аталган шектүү ШИИБдин мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы тарабынан кармалып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 268-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, мыйзамсыз даярдоо) боюнча каттоого алынды.

Шектүү 48 саатка камалып, Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карай турганы күтүлүп жатат. Ал Өзбекстандын жараны болуп саналат. Алгачкы көрсөтмөлөрүндө баңгизатты Баткен облусунун аймагынан сатып алып, Өзбекстанга өткөрүүнү көздөгөнүн айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×