Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 15.03.2019 18:40

Баткендеги чыр: Лейлектен, Сүлүктүдөн олимпиадага келген 100гө жакын окуучу кете албай, 3 күндөн бери мектепте жашап жатат. Видео

Turmush -  Лейлек району жана Сүлүктү шаарынан Баткен шаарына предметтик олимпиадага келген 30дай мугалим менен 90го жакын окуучу 3 күндөн бери Баткендеги гимназия жатак мектебинде турушат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Кыргызстандын 60 жылдыгы орто мектебинин тарых мугалими Табар Кочкорова билдирди.

Анын айтымында, алар олимпиададан кайтып кетип жатышканда Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарында кыргыз-тажик чыры чыккан.

«Биз 12-13-мартта облустук предметтик олимпиадага катышуу үчүн Баткен шаарына келгенбиз. Жалпы саныбыз 110дон ашуун. Отузга жакыны мугалимбиз, калганы окуучулар. Олимпиада 2 күн болду. Өкүнүчтүүсү олимпиада бүтүп, кайра кетели деп жатканда Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик урушу чыгып, жол жабылып калды. Биз кайра артка кайтып, Баткен шаарындагы гимназия мектебине келдик. Бул жерде жатакана жана тамак-аш менен камсыздап жатышат. Мектептин администрациясына ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Ал эми Баткен облустук гимназия мектебинин жатакана башчысы Арзыниса Элчиева окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн билдирди.

«Мага кечки саат 21:00 чамасында директор телефон чалды. Ал "Сүлүктү жана Лейлектен келгендер чек арада уруш чыгып, кете албай калышыптыр. Бизде калышат, жатакананы даярдагыла" деп айтты. Мен үйү жакын, туугандары бар окуучуларды ошол жакка убактылуу жөнөтүп, орун даярдадым», - деди ал.

Учурда окуучулар менен мугалимдерден шаар аймагындагы мектеп мугалимдери кабар алып турушат. Ошондой эле алардын коопсуздугу да каралган.

Бүгүн, 15-мартта Ак-Сайга парламенттин бир катар депутаттары келип, чек ара кызматына, облус жетекчилигине аталган окуучулар менен мугалимдерди коштоочулар менен үйлөрүнө жеткирип келүүнү тапшырышты.

Окуя тууралуу:

13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Курулуп жаткан жол

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгү такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышкан. Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат.

Кечээ, 14-мартта Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз тараптан 1 адам жана 1 милиционер октон жаракат алган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикстан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Ал эми Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×