Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баткен облусуБаткен району 15.03.2019 18:15

Баткендин Ак-Сай айылындагы тургундар чек арачыларга ыраазычылык айтып жатышат. Видео

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары коопсуздукту сактоодогу иштери үчүн Замирбек Мийзаев башында турган чек арачыларга ыраазычылык билдиришти.

Алардын айтымында, чек арачылар өмүрүнө коркунуч жаралган учурда да элди тынчтандырып, коопсуздукту көзөмөлдөп жүрүштү.

«13-мартта кыргыз-тажик чек арасында жаман кырдаал пайда болду. Тажикстандын Ворух анклавында 42 миң адам жашайт. Бизде болсо (Ак-Сайда) ашып кетсе 3 миң. Өтө белгилеп кетчү нерсе, биздин чек арачылар 13-марттан бери күнү-түнү элдин коопсуздугун камсыз кылып жатат. Мен аларга элдин атынан ыраазычылык билдирем. Эл дагы көрүп турат. Бул балдар чек араны кашык каным калганча дегендей коргоп жатышат. Чек арачылар бар болгондуктан коркунуч жок турабыз. Эл чек арачылар менен бир муштум болуп турат. Эгер негативдүү маалымат угуп калсак дароо чек арачыларга билдиребиз. Чек арачылар өздөрүнүн милдеттерин так аткарып жатышат», - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ал эми №2022 аскер бөлүктүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жаткандыгын, азыр эч кандай коркунуч жок экендигин билдирди.

«Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатат. 13-марттагы чыр-чатактан улам ушундай чечимге келгенбиз. Кечээги таш ыргытуулардан унаалар, үйлөр жабыр тартты. Азыр жетекчилер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ак-Сай, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарынын жашоочулары эч кандай кам санабаса болот. Себеби биз бардык жерлерге жетиштүү күчтөрдү алып келип, чек арага аскерлерди койдук. Аскерлер аталган айылдардын бардык чек арасын кайтарып турушат», - деди ал.

Окуя тууралуу:

13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Курулуп жаткан жол

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгү такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышкан. Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат.

Кечээ, 14-мартта Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз тараптан 1 адам жана 1 милиционер октон жаракат алган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикстан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Ал эми Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×