Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Чүй облусу, Кара-Балта 15.03.2019 21:06

Кара-Балтада Ноорузга карата өткөн турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинде кичи футбол боюнча тунир өтүп, ага Жайыл, Панфилов райондорунун командалары жана Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, турнирге жалпы 8 команда катышып, Кара-Балта шаарынын «Мелькомбинат» жана «Ардагерлер» командасы, ошондой эле «Кайыңды», «Эркин-Сай», «Сары-Булак», «Ак-Башат» командалары жана ЖКККБнын эки командасы оюн көрсөтүштү.

«Аталган турнир алдыда боло турган жаз майрам — Ноорузга карата уюштурулду. Ага катышкандардын курагы 40 жаштан жогору болду. Мелдеш улуу адамдардын арасында дени сак жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлдү. Оюнду өткөрүү демилгесин Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери көтөрүп, «Жолдогу коопсуздук үчүн» деген ураанды сунушташты», - деди «Манас» спорттук комплексинин машыктыруучусу Нурдин Жетибаев.

Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду облустук ЖКККБнын командасы, 2-орунду «Ардагерлер», ал эми 3-орунду Кайыңды шаарынын командасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×