Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 15.03.2019 17:51 На русском

Ошто төрөтү жакындап калган келинди төрөтканага жол тескөөчү жеткирди (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 14-мартта Ош шаарында төрөтү жакындап калган 26 жаштагы келинди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкер төрөт үйүнө жеткиргенин аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, төрөт үйүнө келинди ЖКККБнын кенже тескөөчүсү Самаган Ажимаматов алып барган.

«Эртең мененки саат 09:00 чамасында жумуш учурунда Гапар Айтиев менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде ак түстөгү «Нексия» үлгүсүндөгү автоунаадан бирөө түшүп, жардам сурады. Ал бизден төрөт үйүнө кызматтык унаа менен коштоп барууну өтүндү. Анткени жол тыгынга кабылып, төрөтканага кечигип калмак. Кызматтык унаамды алардын унаасынын алдынан айдап, төрөт үйүн көздөй жөнөдүм. Жолдон алардын унаасынын бензини түгөнүп калгандыктан, келинди кызматтык унаама салып, тезинен Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү төрөт үйүнө алып бардым. Андан кийин келиндин күйөөсү, ата-энеси жумуш учурунда келип, ыраазычылыгын билдиришип, ак батасын беришти», - деди С.Ажимаматов.

Учурда аталган келиндин жана ымыркайдын абалы жакшы экенин Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.

«Эртең менен саат 9:00дөн өтүп С.К. аттуу 26 жаштагы келин түштү. Аны кабыл алуу бөлүмүндө эле төрөтүп алдык. Салмагы 3 кг 450 грамм болгон эркек бала төрөлдү. Бул анын экинчи төрөтү экен», - деди дарыгер.

Буга чейин Ош шаарында милиция кызматкерлеринин унаасы менен келинди төрөтканага жеткирген учур катталган эмес.

Ал эми 2018-жылы Ош шаардык төрөт үйүндө 9 миң 845 бала жарык дүйнөгө келген. 2019-жылдын башынан бери 1 миң 922 ымыркай төрөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×