Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.03.2019 17:39

Кыргызстанда былтыр 112 аял өз өмүрүн кыйган

Turmush -  Республикада былтыр 112 аял өз өмүрүнө кол салган. Мындай маалымат бүгүн, 15-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө Жогорку Кеңештин депутат айымдарынын жергиликтүү аялдар менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Аялдардын зордук-зомбулукка кабылышы, кыз ала качуу маселелери талкууланган жыйынга Рада Туманбаева, Айнура Осмонова, Жылдыз Мусабекова, Ирина Карамушкина катышты. Анда депутат Рада Туманбаева зордук-зомбулукка кабылган аялдардын көйгөйүн көтөрдү.

«Өлкө аймагында 2017-жылы 28, 2018-жылы 34 кыз өмүрүнө кол салган. Ал эми 2017-жылы 75 аял, 2018-жылы 112 аял өз жанын кыйган. Зордук-зомбулукка кабылган аял моралдык, психологиялык жактан жабыркап, ушундай кадамдарга барууда. Статистикалык көрсөткүчтүн көбөйгөнү баарыбызды ойлонтот», - деди ал.

Ал эми Айнура Осмонова жооптуу кызматтарды аркалаган аялдардын саны аз экенин айтты.

«Акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары аял киши болушу керек. Жооптуу кызматтарды аркалаган аялдардын саны аз, болсо дагы алар акырындык менен четтетилип жатат», - деди ал.

Ал эми жыйынга катышып жаткан аялдар тарабынан да жергиликтүү кеңеште аялдардын орду сакталбай жатканын айтып, бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×