Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Нарын облусуАк-Талаа району 15.03.2019 17:34

Ак-Талаада улан-кыздар арасында эркин күрөш боюнча турнир өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында улан-кыздар арасында эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата аталган айылда эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага Ак-Талаа районунун 7 айылынан жана Нарын шаарынан келген жаш балбандар катышты.

Мелдештин жалпы байге фонду 20 миң сомду түздү. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилип, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×