Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баткен облусуБаткен району 15.03.2019 17:29 На русском

Баткендеги чыр: Жол биздин территорияда, жол курганга мүмкүнчүлүгүбүз бар, - Ж.Разаков (видео)

Turmush -  Баткен районундагы жолдон чыккан чырды чечүүдө кыргыз тараптын кызыкчылыгы дагы, тажик тараптын кызыкчылыгы дагы эске алынышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Баткен районунда чыр чыккан аймакта Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек арадагы жашоочулар менен жолугуп жүргөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, бул чырга негизинен Аксай—Тамдык жолунун курулушу себеп болгону менен ондогон жылдар бою чечилбей келген чек ара маселелери бар.

«Баткен облусундагы Ак-Сай айылынын чек ара тилкесиндеги окуяга байланыштуу кечээ биринчи ирет, бүгүн экинчи ирет тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Тажик тараптан Тажик Республикасынын вице-премьер-министри Азим Ураимов келип катышып жатат. Ошону менен бирге ички иштер министри, чек ара кызматынын жетекчиси, бир топ жетекчилер келип, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Негизинен белгилей кете турган нерсе, бүт тажик тараптан дагы, кыргыз тараптан дагы маселени чечиш керек деген жакшы ниеттер бар. Азыр эми биз биринчи ирет сүйлөшүп, шарттарыбыз сүйлөшүлдү. Булар дагы өздөрүнүн эли менен сүйлөшүп иштешет. Тажик тараптын айткан маалыматы боюнча буларда каза болгон кишилер дагы бар экен. Бул боюнча Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги тарабынан биз сунуш бердик, биргелешкен тергөө топторун түзүп, ошол иштерди тергеп, анан жыйынтыгын жетекчиликке билдирүүгө тапшырма бердик. Алар жумушту чогуу башташты. Негизинен кыргыз тараптан дагы жана тажик тараптан дагы, элдин арасында дагы терс, радикалдуу ойлор жок. Бирок маселелер боюнча толук каралып жатат. Буйруса бир жыйынтыкка келебиз деген ойлорубуз бар.

Шарттар боюнча азыр айтыш эрте, шарттар чечилиш керек. Чечилгенде кыргыз тараптын кызыкчылыгын дагы, тажик тараптын кызыкчылыгын дагы эске алган чечимдер болушу керек. Бул маселе бүгүн эле пайда болуп калган эмес, мен билгенден 20-30 жылдан бери келет. Түбү, себеби ошондо. Негизги түрткү болгону Аксай—Тамдык жолун салуу болду, ошол жерден башталды. Андан тышкары сайдан шагыл алуу маселеси да көтөрүлгөн. Азыр маселени курчутпай, элди ынтымакка чакырып, маселени чечкенге аракет кылабыз. Мен ойлойм, бул жол биздин территорияда, негизинен жол курганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Көк-Таш—Аксай, Аксай—Араван жолу салынганда мен өзүм губернатор (Баткенде) болуп иштегем. Атайын коомдук саясий кырдаал курчуганда, абал оорлошкондо биздин жарандар жүрүшү керек деген максат менен курганбыз. Кечээки күндөн тартып ошол жолду калыбына келтирүү иштери башталып, жүрүш башталды. Лейлектен келгендер Баткенге, Баткенден Лейлекке барам дегендер өтүп жатышат. Ал эми чоң унааларды өткөрүү үчүн азыр тиешелүү иштер жүрүп жатат. Өтө албай калгандар азыркы учурда жок», - деди Жеңиш Разаков.

Окуя тууралуу:

13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Курулуп жаткан жол

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгү такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышкан. Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат.

Кечээ, 14-мартта Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз тараптан 1 адам жана 1 милиционер октон жаракат алган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикстан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Ал эми Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×