Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.03.2019 17:07

Ысык-көлдүк аял баласын сабаган айылдашын бычактап өлтүрдү: Шектүүнүн кызы өз версиясын билдирди

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылында айылдашын өлтүрүүгө шектүү делип кармалган Тамара [Ш.Т., аты өзгөртүлдү] аттуу тургундун кызы Лида [Л.Э., аты өзгөртүлдү] окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып берди.

Анын айтымында, окуя ушул жылдын 10-мартында болгон.

«8-март күнү каза болгон Канат [К.У., аты өзгөртүлдү], менин иним Нурмат [Э.Н., аты өзгөртүлдү] жана башка айылдаштар болуп арак ичип отурушкан. Бир маалда менин иним менен Канат урушуп кеткен. Ошондо ал инимди катуу сабап салган, ал эми жанындагы айылдаш балдар качып кетишкен. Инимди баткакка көмкөрөсүнөн жаткырып, үстүнө топурак ыргытып кетип калган. Жолдон өтүп бараткан адам инимдин жатканын көрүп калып, ага жардам берип, эс-учуна келтирген соң үйгө алып келген.

Көк ала болгон инимди көргөн апам окуяны териштирүү үчүн арак ичип отурушкан жерине барган. Ошол убакта анын колунда бычак жок болчу. Апам Канаттан окуянын чоо-жайын сураганда ал инимди сабаганын мойнуна алган эмес. Апам үйгө келип, инимди облустук ооруканага алып барган. Бирок иним ооруканага жатып дарылануудан жана милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Эртеси, 9-март күнү Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келгенде дагы иним арыз жазуудан баш тартканда анын ордуна апам арыз жазган. Милиция кызматкерлери арызды каттоого алып кетишкен. Ал эми Канат апамдын арыз жазганын угуп алып, 10-март күнү түштөн кийин үйгө териштирүүгө келген. «Сенин балаң арыз жазбаса, сен жазганга кандай укугуң бар?» деп жинденип, апамды коркуткан. Ошол маалда апамдын колунда бычак болгондуктан ал Канатты бир жолу сайып жиберген. Бул окуяларга күбөлөр бар. Маркум Канат жана иним дагы мурда соттолгон. Бирок апам мурун соттолгон эмес», - деди шектүүнүн кызы.

Буга чейин Түп районунун Михайловка айылынын тургуну (аял киши) айылдашын бычактап өлтүргөндүгүн жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен аймактык кабарчы билдирген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы адам өлтүрүү фактысы болгонун тастыктап, КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү аял Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×