Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусу, Нарын 15.03.2019 16:51

Нарында ачкачылыкты токтоткон соодагерлер кайрадан нааразычылык акциясына чыгышты. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында базардагы соода күркөлөрү алынган соодагерлердин айрымдары кайрадан нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-мартта айрым соодагерлер Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Соодагер Бурул Исраилованын айтымында, базардын ичиндеги мыйзамсыз соода жайлары текши алынбай жатат. Буга соода күркөлөрү алынган соодагерлер нааразы болууда.

«Бир ай аралыгында базардын ичинде жайгашкан мыйзамсыз соода жайлардын баары алынат дегенинен ачкачылыкты токтотконбуз. Ушул жумада мыйзамсыз жайгашкан соода күркөлөр алынат дешкен. Алар чынында алынган жок. Биздин күркөлөр алынып, калган соодагерлердики алынбай жатат. Мыйзам баарыбызга бирдей болбой жатат. Нарын шаарынын бюджетинде акча каражат жок дешет. Биз өзүбүздүн үй-бүлөбүздү багып, андан тышкары салык төлөп келдик. Эми бюджетке каражат түшпөйт. Күркөлөрдү алып салганы туура эмес. Биз мыйзам тегиз иштебегендиктен кайрадан нааразычылык акциясына чыктык», - деди Б.Исраилова.

Нааразычылык акциясына чыккандардын саны 5 адамды түзүп, алар эртең мененки саат 10:00 чамасында аянтка чогулушкан. Алар бул жерде кечке чейин болуп, келерки дүйшөмбү күнү акцияны кайрадан улантышарын билдиришти.

Ал эми Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов алардын талабы негизсиз экендигин, күркөлөр мыйзамдын негизинде алынып жаткандыгын айтты.

«Мыйзамсыз жайгашкан бир катар соода күркөлөрү алынды. Алар С.Орозбак жана Шуллер көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Калган мыйзамсыз жайгашкан жайлар боюнча дагы иштер токтобой жүргүзүлөт.

Бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккандардын күркөлөрү боюнча соттун чечими 4 жыл мурда чыгып, бүгүнкү күндө алынып жатат. Шуллер көчөсү быйыл асфальтталып, эки жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол түшөт. Күркөлөр жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол түшө турган муниципалдык жерге жайгашкан. Буга чейин базардын ичинен эле 7 күркө алынды, дагы 6 күркөнү бир жума аралыгында алуу боюнча билдирүү жибердик. Базардын ичинде мыйзамсыз жайгашкан күркөлөрдүн баарын бир убакта алып коюу мүмкүн эмес. Себеби, техникалык каражат керек. Бул иштердин баары шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн жасалууда», - деди Д.Курманов.

Аталган соодагерлер 11-мартта нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар эртең мененки саат 10:00дөн баштап болжол менен түнкү саат 01:30га чейин аталган аянтта болуп, ачкачылык жарыялашкан. Андан соң 12-мартта кайрадан аянтка чогулуп, акцияны улантышкан эле. Алар Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасы тарабынан соода күркөлөрүнүн алынышына жана талаптары аткарылбай жатканына нааразы болушкан.

Тема боюнча: Дарыкана, заңгыраган үйлөр: Нарында ачкачылык жарыялаган ишкерлер тууралуу мэрия эмне дейт?

Нарында мыйзамсыз күркөлөрдү алуу иштери улантылууда (сүрөт)

«Мени эл душманы дегендерди сотко берем»: Нарындын вице-мэри соодагерлер менен жолукпай турганын айтты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×